Оор атлетика боюнча Азия чемпиондугуна Кыргызстандын атынан 10 спортчу катышат

Бүгүн, 3-июлда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда саат 15:00дө оор атлетика боюнча Азия чемпиондугу башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. 14 өлкөдөн 100дөн ашуун спортчулар катыша турган бул мелдешке даярдыктар көрүлүп бүттү. Ал эми Кыргызстандын намысын 10 спортчу коргойт. Алар: Жаңыл Океева  (48 кг),  Аделя Баизова (69 кг), Тимурлан Бекнур уулу (56 кг), Манас Стамалиев (62 кг), Сыргак Абдрахманов (62 кг), Улан Жакишев (69 кг), Захид Токтобаев (69 кг), Курсант Төлөнов (77 кг), Жалил Жапаров (85 кг), Алексей Богалёв (105 килограммдан жогору).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан