Абхазиянын өкмөт башчысы Геннадий Гагулий жол кырсыгына кабылып каза болду

Абхазиянын өкмөт башчысы Геннадий Гагулий жол кырсыгына кабылып каза болду. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазды. Андагы маалыматтарга караганда, окуя бүгүн, 8-сентябрдан 9-сентябрга караган түнү болгон. Сочи аба майданынан Абхазияга бараткан кортеж каршылаш тилкеде келе жаткан унаа менен сүзүшүп, кырсыктан 3 адам жабыркаган. Алардын бири Абхазиянын өкмөт башчысы Геннадий Гагулий болсо, жанындагылар айдоочусу менен жан сакчысы болгон. Гагулий алган жаракатынан улам ооруканага баратып жолдо каза болгон.

Ал Сирияга болгон мамлекеттик сапардан кайтып келе жатышкан. Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, каршы тилкеде келе жаткан унаанын айдоочусунун баңгизат колдонуп алганы аныкталган.

Гагулий Абхазиянын өкмөтүн 2018-жылдын апрель айынан бери жетектеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bars_wire
2018-09-09 17:11:55
жөн эле сүзүшүп...не может быть...
0
ZhanMM
2018-09-10 09:13:55
Кортеж менен бараткан машинеден бир эле окмот башчысы каза болуу... ыраматылык Насирдин Исановдун олумундой го ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан