Москвада Кыргыз жарандарын унаасы менен сүзгөн деп шектелген жарандын карындашы окуянын чоо-жайын жергиликтүү телеканалдардын бирине айтып берди. Кечээ таңкы саат 6:00дө Москванын Новочеркасск бульварында катталган кырсыктан жалпысынан 11 адам жабыркап, 1 адам каза болгон.
Маалыматка ылайык, окуя болгон түнү кылмышка шектүү катары кармалган 21 жаштагы Бекжан С. достору менен карындашынын 18 жашын белгилеп эс алуучу жайлардын бирине келишкен. Түнкү саат 3:00 чамасында кылмышка шектүүнүн карындашына жана анын курбуларына башка жигиттер тийишип башташкан.
"Алардын жанында 4-5 жигит бар болчу. Алар түнү менен мени, курбуларымды аңдып отурушту. Кийин эс алуучу жайдан чыкканыбызда тиги жигиттер эшикте турушуптур. Алар агамдын жалгыз калышын күтүп турушкан экен. Байкем бизди унаага чейин алып барган учурда аны башка жигиттер өздөрүнүн жанына чакырышты. Кийин алар бизди шылдыңдап, кадыр-баркыбызга шек келтирип, жаман сөздөр менен сөгүп баштады. Мен буга ызаланып ыйлап баштадым. Аны көргөн агам жинденип, мени коргогонго аракет кылды. Алгач агам басып кетүүгө аракет кылды, бирок алар тоскоолдук кылып жатышты. Агамды унаасынын үстүнө басып алып сабап башташты. Кийин топтолгон балдар басып кетишкенде агам өзүн башкара албай калды. Ал жинденип унаага отуруп, айдап барып алардын бирин сүздү. Бирок ал нес абалында болуп, эмне кылып жатканын өзү түшүнбөй жатты. Эгерде агам унаасын түз айдап кетсе, ал башка унааны сүзмөк. Ошол себептен улам ал унаасын буруп, жолдун боюнда тургандарды да сүзүп кетти. Ал ачуусунан тормозду басам деп газды басып алды", - деп билдирген кылмышка шектүүнүн карындашы.
Белгилүү болгондой, кылмышка шектүү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Токтогул айылында туулган. Кийин ал Орусияда эмгектенип жүрүп, Орусиянын жарандыгын алган.
Эске салсак, Москва шаарындагы Марьино районунда 20 жаштагы жигит Кыргыз жарандарын унаасы менен сүзүп кеткен. Окуянын күбөлөрү күнөөлүү делген жигит Кыргыз жараны экенин айтып, кырсык бир кызды талашкан эки жигиттин урушунан келип чыкканын айткан.