ЖЫЛНААМА, 10-СЕНТЯБРЬ: Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова 54 жашын жакындарынын курчоосунда белгилейт

Бүгүн, 10-сентябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова 54 жашка толду. Ырчынын туулган күнү менен куттуктап байланышка чыгып, бүгүнкү маанайы менен бөлүштүк.

"Маанайым абдан жакшы. Таң аткандан бери жакындарымдын куттуктоолорун кабыл алып отурган чагым. Ал эми туулган күнүмдү досторум, сахналаштарым, туугандарымдын, дегеле жакшы санаалаштарымдын курчоосунда белгилейм", - дейт ырчы.

"Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:

  • "Жашоодо бактылуу өмүр сүрүү деген жок, бактылуу көз ирмемдер гана бар. Болбосо турмуш чындыгында татаал нерсе. 18 жашка эмне жетсин, ошол курагымды сагынам. Балалыгым өткөн айылымды сагынам, бирок азыр ал жакта мени күткөн эч ким жок. Энемдин үйү да сатылып кеткен. Ошол үйдүн чатырына чыгып алып "Асыл энем, таалайым менин энем" деп ырдаганымда "ай, Түмөнбай, түш, эл укса эмне дейт?" деген энемдин үнүн эстегенде жүрөгүм жылыйт.
    Ошол курагымды сагынам. Анан да кош бойлуу кезин ар бир аялзаты сагынса керек. Ал эми өткөн нерсеге өкүнүп калган учурлар көп эле болот. Бул өкүнүү дебейм, бирок артка кайтууга мүмкүн болсо ырчылык кесипти тандабайт белем деп калам. Анткени бул чөйрө абдан тар. Кандай кыймыл-аракет жасасаң да элдин көз алдындасың. Элге таанылып алган соң артка жол жок, бул чоң жоопкерчилик жана жүк. Анан да бул кесип жеке жашоого көпчүлүк учурда терс таасирин тийгизет. Мугалимдик, кол өнөрчүлүк кесиптери жүрөгүмө жакын".

  • "Шайыр Касымалиева өтө таланттуу, күчтүү актриса. Шайырда бир кыз, менде бир кыз бар бир атадан. Бир жакшылыкта экөөбүз жолугуп калсак, Шайыр “Мээрим менен Малика куюп койгондой окшош экен. Экөөнө карап таң калдым, кудум эле бир ата, бир энеден жаралгандай. Мүмкүн болсо, ушул эки кыз эже-сиңди болуп жүрсө, кандай дейсиз?” деди. Бул нерсе менин көңүлүмө жагып “Бир тууган болгондон кийин бир тууган болуп жүрө берсин, кеңге кең дүйнө, тарга тар дүйнө. Бир тууган экени жалганбы? Атасы бир, каны бир” деп, экөөнү катташтырып койгонбуз. Азыркыга чейин ысык мамиледе, катташып турушат".
  • "Жашоомдо көп балалуу болууну кыялданчумун. Кайра баштан жаралсам ырдабай, үй-бүлөнү тандап бактылуу аял, мээримдүү эне болмокмун. Бирок Кудайга шүгүр, 2 кызым, 3 неберем менен үйүм толуп, бака-шака болуп калабыз. Неберелеримдин улуусу мектепке барып калды. Турмуш курайын десем мага теӊдүүлөрдүн үй-бүлөсү бар, үй-бүлөсү жоктор менден кичүү. Кыздарымды турмушка узаттым, эми мындан ары өзүм үчүн жашайм. Кыздарымдын буга каршылыгы жок, алар түгөйүн тапкандан кийин апасынын деле жалгыз калуусун каалабайт да".

Динара Акулова кереметтүү Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айылында 1964-жылы жарык дүйнөгө келген. Чыгармачылык жолун “Эй, жазгүлүм”, “Мен сени сүйөм”, “Аккордеон” аттуу ырларын аткарып баштаган. Кийин "Динара" эстрада тобун түзгөн.

Ырчы азыркы мезгилде да бардык муундун өкүлдөрү сүйүп уккан чыгармаларды аткарып, күйөрмандарын сүйүнтүп келет. Учурда анын 2 кызы бар. Бүгүнкү күндө кыздарынын балдарын жетелеп, небере жытын жыттап турган чагы.

10-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан