Өлкөдө бир сутка ичинде 28 өрт кырсыгы катталды. Балдардын шоктугунан Таш-Көмүрдө таштанды таштоочу жай өрттөнгөн

Өлкө боюнча бир сутканын ичинде 28 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Бишкек шаарында 7, Чүй облусунда 8, Ош облусунда 3, Ош шаарында 1, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 1, Жалал-Абадда 4, Баткен 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

"Таш-Көмүр шаарында таштанды таштоочу жайда 200 чарчы метр таштанды күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна кичинекей шок балдардын от менен ойногондугу себеп болгон", - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтар боюнча өрттөн жабыр тарткандар болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан