Бишкекте бала сатууга шектелип кармалган гинекологдун бири №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеп келген

Бишкекте бала сатууга шектелип кармалган гинекологдун бири №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеп келген. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин консультанты Елена Баялинова билдирди.

Маалыматка ылайык, бала сатууга шектелип кармалган гинекологдордун бири Бишкектеги №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкери. Бирок ал буга чейин башка менчик клиникаларда да иштеп келген.

"Бала сатуу фактысы №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда болгонбу же менчик клиникадабы азырынча белгисиз. Учурда териштирүү иштери улантылып жатат", - деп билдирген Баялинова.

Эске салсак, милиция кызматкерлери тарабынан 7-сентябрь күнү Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологдору бала сатууга шектелип кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан