Бишкекте бала сатуу фактысына шектелген гинеколог үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан сырткары менчик клиникада иштейт

Бала сатуу фактысына шектелген гинеколог №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштей турганы айтылган эле. Андан сырткары менчик клиникада да иштеп келгенин бүгүн, 10-сентябрда SUPER.KG'ге №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысынын орун басары Бегайым Токтобекова билдирди.

"Бала сатууга шектелип жаткан гинекологдордун бири биздин борбордо эмгектенет. Айта кетчү нерсе, медицина тармагында эмгектенгендердин баары эле мамлекеттик ооруканалардан сырткары, менчик клиникаларында да иштешет. Ал бизде иштеген убактысы бүткөндөн кийин менчик клиникалардын биринде иштей турганын билем. Негизинен биздин борбордо иштеген гинекологдор кош бойлуу айымдарды каттоого алышат, аял кош бойлуу кезинде эне-баланын абалын көзөмөлдөшөт. Кийин ай-күнү жеткен соң төрөт үйүнө жиберишет. Биздин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда кош бойлууларды төрөтпөйт, бойдон да алдырышпайт. Себеби бизде тиешелүү хирургиялык куралдар да жок. Биздин борбордо "бала сатылды" деп жүрүп жаткан сөздөр чындыкка дал келбейт. Бул нерсеге биздин тиешебиз жок", - дейт Токтобекова.

Ошондой эле кылмышка шектелип жаткан гинеколог өзүн буга чейин мыкты адис катары көрсөтүп келгенин кошумчалады.

Эске салсак, милиция кызматкерлери тарабынан 7-сентябрь күнү Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологдору бала сатууга шектелип кармалган. Белгилүү болгондой, бала сатуу фактысына 5 гинеколог шектелүүдө. Алардын бири учурда камакка алынганы маалым, ал эми калгандары өлкөдөн чыкпоо чечими менен бошотулганы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rysik79
2018-09-10 15:11:21
Шумдук.
0
Artyr1994
2018-09-10 15:26:31
Ушул гинекологторду каттуу текшеруу керек. Норм туулган балдарды олду кылгандар, бала саткандар, аборт кылган,Кыздык белги тиккендер да ушулар.
0
naziman
2018-09-11 07:58:24
аборт жасащпайт дегени окшошпой калыптыр, жасашат балекеттей эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан