Кечээ, 9-сентябрда АКШнын Нью-Жерси штатында "Америка сулуусу-2019" сулуулар сынагы жыйынтыкталды. Анда Нью-Йорктун тургуну Ниа Имани Франклин жеңүүчү деп табылды.
Маалым болгондой, бул жылы адаттагыдан айырмаланып, сулуулар подиумга жарым жылаңачтанып бикиничен чыгышкан эмес. Сынакка жалпысынан 51 сулуу катышкан. Алардын арасынан Ниа Имани Франклин аттуу сулуу "Америка сулуусу-2019" наамына татыган. Ага өткөн жылы бул наамды жеңип алган Кара Мунд өзүнө ыйгарылган таажыны өткөрүп берип, андан сырткары 50 миң доллар акчалай сыйлыкка ээ болгон.
"Жеңишке жетүү үчүн канчалаган кыйынчылыктарды жеңүүгө туура келди. Бирок азыр аны эстебестен, мага колдоо көрсөткөн ата-энеме ыраазычылык билдиргим келет" деген Франклин.
Наамдын жеңүүчүсү калыстар тобун өзүнүн келбети менен гана эмес, таланты менен да багындырган. Тагыраагы ал 6 жашынан тарта музыкалык билим алып келгендиктен, "Богема" операсынан поппури аткарып, көпчүлүктүн көңүлүн бурган.
Айта кетсек, АКШда сулуулар сынагы 1 жыл алдыга эсептелгендиктен, аталышы келе жаткан жыл менен белгиленет. "Америка сулуусу" сынагы - 1921-жылдан бери Атлантик-Сити шаарында өткөрүлүп келет. Сынактын биринчи жеңүүчүсү катары Маргарет Горман табылып, ага өзгөчө таажы ыйгарылган.