Орусиянын Эл артисти Филипп Киркоров кайрадан элдин көңүл чордонунда. Тагыраагы, ушул жылдын май айларында коомчулукка "Цвет настроения синий" аталышындагы ыры менен клибин тартуулаган Киркоров, эми аталган чыгарманын уландысы катары "Ибица" деген дуэтти кесиптеши Николай Басков менен бирге аткарып, анын клиби интернетке жарыяланды.
Маалым болгондой, клип интернет желесине 8-сентябрь күнү жүктөлүп, 2 күндүн ичинде 3,5 миллион кароо топтоого жетишкен. Анда жогоруда аты аталган 2 ырчынын бири-бирине болгон атаандаштыгы көрсөтүлүп, шоу-бизнестеги кесиптештери аларды талкуулап жатканы чагылдырылган. Атактуулардан Сергей Шнуров, Андрей Малахов, Гарик Харламовду да кезиктирүүгө болот.
Учурда клипти мактагандарга караганда, аны катуу сынга алган көрөрмандар басымдуулук кылууда. Көпчүлүк "Эл артисти аталган атактуулар олуттуу чыгармаларды аткарышы керек" деген пикирлерин калтырышууда.
Айта кетсек, буга чейин Киркоров "Цвет настроения синий" аталышындагы чыгармасын тартуулап, анын клибине Иван Ургант, Ольга Бузова, Григорий Лепс жана башкаларды тартып, өзү 16 жаштагы бейбаш баланын ролун аткарган. Клип көрүүчүлөр тарабынан катуу сынга алынып, ал гана эмес интернет колдонуучулар ырчыны "Эл артисти" наамынан ажыратууну талап кылып, Орусиянын маданият министрине кат жолдошкон.