Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып айдоочу оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 10-сентябрда саат 12:00дөр чамасында Махатма Ганди көчөсүндө Хонда үлгүсүндөгү автоунаа жогорку ылдамдыкта келе жатып бакка тийип өтүп, электр мамысын сүзгөн.
"Унаа жогорку ылдамдыкта келе жаткандыктан айдоочу аны башкара албай калган. Азыркы тапта айдоочу оор абалда ооруканага жеткирилди, ал эми унаа болсо айып аянтчасына алып барылат. Жол кырсыгынын чоо-жайы такталууда. Кырсык учурунда айдоочу унаада жалгыз болгон", - деп билдирди маалымат кызматы.