ЖЫЛНААМА, 11-СЕНТЯБРЬ: Ырчы Алмаз Шаадаев туулган күнүн достору менен мончодо белгилей турганын айтты

Бүгүн кыргыз эстрадасындагы көрүнүктүү ырчылардын бири Алмаз Шаадаев 28 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап, бүгүнкү күнгө коюлган пландарын сурады.

"Туулган күнүм түндө эле башталган. Досторум менен Бишкектеги эс алуучу жайлардын бирине барып белгиледик. Азыркы учурда социалдык тармактардан келген куттуктоолорду окуп жетише албай жатам. Ал эми бүгүн кайра эле досторум менен мончого түшүп эс алабыз", - дейт Алмаз Шаадаев.

Ырчынын "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:

  • "Бала кезде эле ырчы болууну кыялданчумун. Мектепти аяктап жатканда Искусство институтуна тапшырайын десем ата-энем "Өзүӊ кыргыз-түрк лицейин аяктап жатасыӊ, классташтарыӊдын баары чоӊ окуу жайларга тапшырышат, сен артист болом дейсиӊби? Башка окуу жайга тапшырып деле ырдай бер" деп болбой коюшту. Анан Кыргыз-Түрк "Манас" университетине тапшырып туризм жана саякат факультетинде окудум. Адам жүрөгүнө жакын кесипке ыктайт экен. Бала кездеги изги тилегимди жүзөгө ашыруу үчүн ырчы болууну тандадым".
  • "Ата-энемдин ишине байланыштуу 9 айлыгымда чоӊ ата, чоӊ энемдин колуна беришиптир. 4-класска чейин Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында окудум. Андан кийин ата-энем Нарын шаарына алып келишип, түрк лицейинде окуумду уланттым".
  • "Менин ырчы болуп калышыма SUPER.KG порталына форумчу болушум да себепчи. 2011-жылы Алмаз Шаадаев деп сайтка катталдым да, активдүү форумчуга айландым. Сайт уюштурган форумчулардын жолугушуусуна барып турчумун. Бир жолку кезигишүүдө ырдап койдум. 2011-жылы "Супер активдүү, ырчы форумчу" деген наам алып, "Супер-Инфонун" концертинде "Жаным, ай" аттуу ырымды аткаргам. Эки жыл мурун сыр сөзүмдү унутуп калып форумга катышпай калдым".
  • "Канчалык көтөрүлгөн сайын артыңдан жаман көрсөткүсү келгендер, сени психикалык жактан сындыргысы келгендер аябай көбөйөт экен. Андай нерсе жакында эле болуп өттү. Бир журналист кыз эфирине бара албай калсам мени жамандап, бир тараптуу материал даярдап чыкты, бирок максаты ишке ашкан жок. Мен мындан ары иштей берем. Көрө албагандар болуп турат. Мурда да Москва шаарындагы тойлордун биринен туңгуч президентибиз Аскар Акаев менен жолукканымды көрө алышпай, мени жамандагандар, талкуулагандар көп болгон. Бирөөгө ор казсаң, ошого өзүң түшүп калууну да ойлоно жүрүш керек".
  • "Шоу-бизнесте, балким, бир адам менен сырдашып, дос болушуң мүмкүн. Данияр Эрматов менен чыгармачылык тууралуу көп сырдашам. Калган шоу-бизнестеги достор бири-бирине жөлөк-таяк болушу мүмкүн. Чыгармачылыктагы шеринелеш досторумдун ар бири менен жакшымын, чыгарган ырларын, клиптерин сыйлайм, урматтайм. Алар клип тарттырып, ырдаса, “мен да иштешим керек” деп жакшы жагынан атаандашам. Шоу-бизнесте достук бар".

Алмаз Шаадаев 1990-жылы 11-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган. Чоң сахнага "Супер-Инфо" гезити тарабынан уюштурулган “Жылдын суперлери-2010” концертинде “Жаным, ай” аттуу ырын ырдап чыккан. Репертуарында "Күлүп койчу, айдай", "Фаридам", "Жаркырасын Кыргызстан", "Ата-апа", "Жаным, эй", "Сагынам", "Келчи, жаным, келчи" жана башка ырлары бар. Учурда бойдок.

11-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Elaman_Arypov
2018-09-11 15:43:25
Кыздар мененби
+3
Chagylgan2
2018-09-11 15:50:46
Анжелика, Самара, Нурлан менен Асел, Дайыр жана ушул бала тойгузду да. Булар жонундо жазбай койсонор ХХХХХХХХ
Мага десе ХХХХХХ бийлебейби Ала-Тоо аянтында, туулган кунун кайда тоссо бизге кызыгы эмне?!!
-3
Dembele84
2018-09-11 17:58:53
Оздору барбай калды го,ал жагына да саксандатып кыздарды ээрчитип барышат да,кыргыздын звездалары)))
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан