Москвада клубдагы жаңжалдан кийин унаа сүзүп кеткен Кыргыз жарандарынын абалы оор бойдон калууда (жабыркагандардын тизмеси)

Москвада клубдагы жаңжалдан кийин унаа сүзүп кеткен Кыргыз жарандарынын абалы оор бойдон калууда. Жеңил жаракат алгандар ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу 10-сентябрда Кыргыздын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Москванын Новочеркасск бульварында 9-сентябрь күнү эртең менен болгон кырсыктан жалпысынан 11 адам жабыркап, 1 адам каза болгон. Маркум А.у.А. 1997-жылы туулган, кылмышка шектүү Бекжан С. менен жаңжалга катышкан деп айтылып жатат.

Жабыркагандардын тизмеси:

Абдикарим уулу М., 1998-жылы туулган, ооруканага жеткирилген. Абалы туруктуу, бүгүн үйүнө чыгарылышы мүмкүн. Кылмышка шектүү Бекжан С. менен чырдашкан деп айтылып жатат.

Абдрахманов Р., 1993-жылы туулган, абалы оор бойдон. Жаңжалга катышкан эмес. Ошол учурда карындашы Жеңишбекова К. менен бирге жүргөн.

Абдурасулов С., 1997-жылы туулган, абалы туруктуу, жаңжалга катышкан эмес. Ооруканадан чыгарылды.

Аманалиев Б., 1997-жылы туулган. Абалы оор бойдон калууда. Кылмышка шектүү Бекжан С. менен чырдашкан деп айтылып жатат.

Арстанова Н., 1988-жылы туулган. Абалы туруктуу. Эки күндөн кийин ооруканадан чыгарылышы мүмкүн.

Жамшит уулу О., 1998-жыл туулган. Абалы туруктуу. Кылмышка шектүү Бекжан С. менен чырдашкан деп айтылып жатат.

Жеңишбекова К., 2001-жылы туулган. Жашы жете элек болгондуктан балдар хирургиясына жеткирилген. Абалы туруктуу. Ооруканадан чыгарылды.

Зулпиев Р., 1994-жылы туулган. Абалы оор бойдон калууда.

Руслан уулу М., 1996-жылы туулган. Абалы оор бойдон калууда.

25 жаштардагы белгисиз дагы бир адам жаракат алган. Анын аты-жөнү такталып жатат. Абалы оор бойдон калууда.

Кылмышка шектүүгө карата "эки же андан ашык адамды кооптуу жол менен өлтүрүүгө аракеттенүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Ал окуя болгон жерде эле кармалып, камакка алынган. Анын баш коргоо чарасы эми каралат.

Эске салсак, Москва шаарындагы Марьино районунда 20 жаштагы жигит Кыргыз жарандарын унаасы менен сүзүп кеткен. Окуянын күбөлөрү күнөөлүү делген жигит Кыргыз жараны экенин айтып, кырсык бир кызды талашкан эки жигиттин урушунан келип чыкканын айткан.

Москвада клубдагы чырдан кийин 21 жаштагы кыргыз жигит мекендештерин унаасы менен сүздү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Talgat89
2018-09-10 17:32:35
Азамат жайлаптыр, мужик экен го. Карындашына тийишип, озун кордогондордун сазайын бериптир. Азыркы жаштарды ушунчалыкка жеткирбесен мээсине эч качан жетпейт. Келесоолор майып адамды кордогонго болбойт дегенди да билишпейт. Топтошуп алыл жалгызды кордогондорду ушундай кылыш керек. Баарын ХХХХХХХХХ
+46
Matahara1980
2018-09-10 18:01:53
Talgat89,кошулам, кой дегенди угушпайт дердендешип, тоону томкоруп салышкансып, тобу менен кордошот чоолордой болуп, чала болот дегенден башка соз, просто балага жалко келесоолордун айынан турмого тыгылып
+31
Дарыгер
2018-09-10 18:16:48
Talgat89,туура айласын. 2 кундон бери кайгырып отуруп. Мен да ушул ойго келдим. Бироону шылдындаптыр туура эмес. Чырдашкандар Оз жазасын алышты.
+17
romaantik
2018-09-10 20:29:15
Talgat89,Шылдын кылгандар албетте жазасын алышты бирок берилген тизмеге ишене турган болсок жанжалга катышпагандар да жабыр тартып калышты. Не болсо да жакшы иш болбоду
+3
guli-1980
2018-09-11 10:47:08
romaantik,жабыр тарткандарды да камаш ккрек. Шылдын кылганы учун
+2
Daniel01
2018-09-10 17:40:10
Алсыз адамды коптоп урган негизи эркекчилике жат корунуш....
+16
BoDiNur
2018-09-10 17:56:31
Жабыркаган, каза болгон жигиттердин жердигин дагы жазыныздарчы
+4
Apyn8793
2018-09-10 18:18:31
Молодец. Арактан ичип алып, кооп чыгышат короздонуп. Кафеге барсан да тойго барсан да аягы мушташ менен бутот. ХХХХХХХХ
Бекем бол иним. Турмуш бирде ылдый бирде ойдо болуп турат. Которумдуу бол.
+9
CEO1
2018-09-10 18:45:39
Карындашын коргодубу же кыз талашып уруштубу, азырынча белгисиз. Ар ким ар турдуу версия айтып жатат. Эмне болгон кундо да бала куноолуу, жазасын алсын. Анын айынан жуз миндеген Мекендештерибиз кордук коруп калуусун ойлонушу керек болуучу, озун ойлобосо да. Арасында 17 жашар кыздар да журот. Ошолордун ата-энеси бар болду бекен?!! ХХХХХХХХ

Соке мечит кобойду деп ХХХХХХХ, Россиядагы кыргыз кафе-ресторан, тунку клубдарын жаптырса болот го, тапшырма берип...
-5
kokboru
2018-09-10 18:50:09
Аттарын толук жазгылачв сураныч супер инфо
0
ma2as
2018-09-10 19:02:07
Менин оюмча Мектепти буто элек жээ эми эле буткон балдарды Россиянын териториясын жумушка киргизбесе жакшы болмок , бир жагынан оздорунун ден соолугуна куч келтирет экинчисинен жаштык кызуу кандык коп кылышат . Жаны окууну бутуп келгенде классташ балдар болуп чогулганды жакшы корушот , Москванын кочолорундо айылдын кочосундо жургондой эле тартипсиз журушот - катуу ун чыгарып кулушуп жээ бирин бри тепкилеп -бокстагылап, бирин бири минип , которуп дегендей .
+6
AIA-TOO
2018-09-10 20:33:00
10 дой эркек соройлор бир майып жигитти шылдыңдаганы бул эркектин иши эмес, чын чынына келгенде Бекжандын күчү жетпейт эле да, ошого "Жигитти намыс, Коёнду камыш олтурот" демекчи, намыстанып кетип дебелеп салганы деле туура болуптур, башка өч алуу варианты жокко.
+7
Dilbaranurdinova
2018-09-10 21:32:09
Жашы жете элек кыз не журот клубда журогум ооруудуу
0
nemo2016
2018-09-10 21:41:55
Коментарии берген мээнер жанындабы бул жакта адам олуп жатса ата энеси сыздап жатса ырас кылыптыр дейсинерде эч кимдин башына мындай нерсе тушпосун
-2
Jyrgal_msk
2018-09-10 22:45:26
nemo2016,Сиздин айтканыныз да туура.
Эми экинчи жакка да озунузду коюп корунуз.
Сиздин кызынызга балдар тийишип жатат,кызынызды улуу баланыз коргоп жатат.Анан ошол баланы он чакты бала мазактап,кордоп,уруп жатат.Ушундай нерсе сиз учун жагымдуубу?
+6
nemo2016
2018-09-11 10:33:52
Jyrgal_msk,Агасы ошончо кыйын экен андай жерге алып барбаш керекта бул жон гана актануу алардын
+1
raykray
2018-09-11 00:57:36
Баарыле аппак периштелер, заманды ушинткен озубуз баарыны кафеде откоруп 18 жаш эмес жентек тойдуда берип жатабыз курандыда кафеда, болгону маданиятты этиканы билсек жакшы болмок! Шофер бала ичпеген соо эле болгон. Бироого кыйын болуп жазбагыла эртен озун уйундо эмне болушун билбейсин!!! Коруп жатабызго той устундо орт чыгып атышуу болуп атат, болгону адамдар билбейм нервынный псих болуп калганбыз сабырдуулук жок
0
deva
2018-09-11 09:25:30
2001-жылы төрөлгөн кызга эмне бар дейм да таңкы алтыда?!
0
Rubin
2018-09-11 12:19:57
"Абалы оор бойдон калууда" дегендердин ичинен бироо гана шектуу менен чырдашкан деп жазылыптыр. Демек чатакка аралашпагандар, катуу жаракат алып кыйналып жатышат экен да? Кудай шыпаасын берсин!
0
jenish87
2018-09-11 16:17:01
Ассаламу алейкум урматтуу мекендештер.
Мен бир нерсеге өкүнөм, эмнеге биздин жаштар Россияга эмгек мигранты болуп, барып, түнкү клубдарда эс алып жүрүшөт?
Рас акча тапканы баргандан соң ошол багытта жүр, түнкү клубдарда балээ барбы?!
Азыр Москвада эмне көп кыргыздардын түнкү клубдары көп,бул аябай окунучтуу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан