Дайыр Исмадияровдун Инстаграмдагы баракчасына верификация белгиси берилди. "Көп ырчылар телефон чалып, кантип алганымды сурап жатышат" дейт ырчы

Ырчы Дайыр Исмадияровдун Инстаграм социалдык тармагындагы жеке баракчасы верификация белгисин алды. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

"Мурда Инстаграмга анчейин деле көңүл бурчу эмесмин. Башкалар күн сайын сүрөт киргизсе, мен 3 күндө бир сүрөт жүктөп койчумун. Бүгүн аккаунтумду верификация кылгандан кийин, мындан ары баракчама көбүрөөк көңүл бурсам деген ойдо калдым. Баракчамды верификация кылууну алгач Канат Кадыржан сунуш кылган. Тиешелүү документтерди жибергенден 1 жума өткөн соң баракчам расмий түрдө белгиге ээ болду. Азыр ырчылардын көбү телефон чалып, верификациядан өтүүнүн жол-жобосун сурап жатышат. Баарына түшүндүрө берип, азыр эч кимге айтпай эле койсомбу деп ойлоп калдым", - дейт күлүп.

Айта кетсек, август айынын соңунда Инстаграм сервисинин иштеп чыгуучулары колдонуучулардын жеке маалыматтарынын коопсуздугун күчөтүү максатында колдонуучунун өтүнүчү менен баракчаны верификация кылуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгышкан. Аталган белги кыргыз эстрада жылдыздарынын арасынан алгачкылардан болуп миллион катталуучу топтогон ырчы Самара Каримовага берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
eldar96
2018-09-10 18:43:48
Шумдугун кургууур)
+5
evidens
2018-09-10 18:48:40
Айтпай эле койсомбу...
Деп алыптыр го ))))
+3
mela
2018-09-12 00:41:49
evidens,инстаграмда настройкиде эле кылса болот....тим эле озу ойлоп тапкандац айтыптыр го...любой адам ала алат андай птичканы...100подписчиги бар адам деле...
0
aitenir
2018-09-10 18:59:05
Той бер эми ))
+12
Sagyn.91
2018-09-10 19:00:17
Кыйратып койгондой!
+6
n.zhanikulov
2018-09-10 19:18:58
ушу ырчы эч жакбайтда мага
+3
Nargiza1987k
2018-09-10 19:38:43
Кечиресинер ал эмнеси тушунбойт экенмин
+7
bessmertiy
2018-09-10 20:43:42
ХХХХХХХХХХ Дайыр ХХХХХХ. Жургон бир жан да. Анын эмнесин суйунчулоп атат. Андан коро баласынан карабайбы.
+3
Dilbaranurdinova
2018-09-10 21:15:11
Бул эмне деген белги озу?
+2
zhanka1234
2018-09-11 00:16:23
Dilbaranurdinova,озунун официалдуу баракчасы дегенди тушундурот
-1
bond02
2018-09-10 21:50:36
Болбогон жомок.
-1
Beks.Kasymov
2018-09-10 22:22:50
галочка милионго жетсе гана берилуучу белги
-1
zhanka1234
2018-09-11 00:15:56
Beks.Kasymov,бере берет, санын карабайт.
-1
mela
2018-09-12 00:42:32
Beks.Kasymov,100подаисчикке деле берет...настройкиде турат жазылып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан