Чүй облусунда 33 жаштагы Ниязбек Дубанаев дайынсыз болуп изделүүдө. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришкендей, ал 1-сентябрь күнү Москва районуна караштуу Петровка айылынын Центральная көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон белгисиз болууда.
Өзгөчө белгилери: көзү кара, чачы кара түстө, кыска кыркылган. Дене түзүлүшү орто, бою 170-175 сантиметр.
Үйдөн чыгып баратканда боз түстөгү футболка, кара шым, бутуна кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн.
Сүрөттөгү жаранды көргөн-билгендер болсо, 0 (312) 43-01-27, 0 (312) 60-77-27, 0 (709) 85-05-05 же 102 телефон номурларына чалып кабарлап койсоңуздар болот.