Ошто көп кабаттуу жатаканадан 7 айлык ымыркайы менен кошо боюн таштаган келиндин баласынын абалы оор. Анын баш мээсине операция жасалат

Ошто көп кабаттуу жатаканадан 7 айлык ымыркайы менен кошо боюн таштаган келиндин баласынын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда SUPER.KG'ге Ош облустук балдар ооруканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда баланын абалы оор. Ымыркайдын баш мээси чайкалып, башынан катуу жаракат алган. Дарыгерлердин консилиуму болуп баланын баш мээсине операция жасоо чечими кабыл алынды.

Белгилүү болгондой, учурда боюн таштаган келиндин абалы орто, анын жамбаш сөөгү сынып, баш мээси чайкалган. Аял боюн таштаган учурда мас болгону аныкталды.

Эске салсак, окуя 6-сентябрда саат 17:00 чамаларында Ош шаарындагы Черёмушки кичи районунда жайгашкан төрт кабаттуу жатаканада орун алган. Айрым маалыматтарда ымыркайы менен өз боюн таштаган келин жолдошу менен ажырашып, Ошто эжесинин үйүндө жашап жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kosmos2013
2018-09-11 10:28:09
Байкуш наристе ыйлагын келет да эстесен,келечеги кандай болот эми я Алла шыфаа бер, жакшы калдыксыз айыгып кетсин.Атасында да куноо бар,жоопкерчилик болуш керек да.
+1
Nurgul76
2018-09-11 10:35:46
Бироого кор,бироого зар бала.Баланын убалынан коркпогон аялдык касиеттен чыкан айбан.Олгун келсе озун эле секир балада не айып.
+3
kaktys
2018-09-11 10:50:27
уффф апасын жек кордум
+2
Kroxa
2018-09-12 08:43:42
Озу секире берсе болмок баланы бирооно берип койсо багып алмак.,,убалы кимге эми инвалид болсо азабы канча??
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан