Бишкекте жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнөн өрт чыккан

Бүгүн, 11-сентябрда Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсүнүн №172 дарегинде жаңы курулуп баштаган көп кабаттуу турак үй күйүп кетти. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Токтогул көчөсүнүн №172 дарегинде жаңы курулуп баштаган көп кабаттуу турак үйдүн жер төлөсүнөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө 4 өрт өчүрүүчү унаа тартылып, өрт таңкы саат 6:18 чектөөгө алынып, саат 09:59да толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен курулуш аянтынын 1 миң чарчы метри жана курулуш материалдары (опалубка тактайлары) күйгөн. Кырсыктан жабыркагандар жок.
учурда өрттүн келип чыгышы аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан