MegaCom "СЕНИН ХАЙПың" чыгармачыл конкурсунун биринчи турунун жыйынтыгын чыгарды жана 7 видео мыкты деп табылды! Эми онлайн-добуш берүү аркылуу жеңүүчү − Cube Attention тоо велосипединин ээси аныкталат!
Экинчи турга өткөн катышуучулардын тизмеси:
All Stars <@dmcallstars111 >,
Сергей Купавский <@kypavskii >,
Георгий Морозов <@georgiy.morozov.1998>,
Али Джукешев <@dzhukeshev>,
Максим Цай <@tsay.beat>,
Жолболду Калмаматов <@jolboldu93>,
Оксана Сухно <@oksanasuxno40>.
Эске сала кетсек, "СЕНИН ХАЙПың" конкурсуна катышуу үчүн MP4, AVI, MOV форматында "хайп" сөзүнүн маанисин чечмелеген видео тартып, аны hype@megacom.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек эле. Катышуучулардын жигердүүлүгү уюштуруучуларды өзгөчө кубандырды. Чыгармачыл эргүү менен жаралган оригиналдуу эмгектердин ичинен татыктуусун тандоо оңойго турган жок. Клиптер, шаңдуу бийлер, автордук ырлар, азил-чыны аралаш тамашалар, ал гана эмес тамдын чатырынан аткарылган секирик чагылдырылган видео да жюрилердин элегинен өттү.
Башкы критерийлерге жооп берген МЫКТЫ 7 видеонун жаратуучуларын компаниянын фирмалык азембелектери жана да "Алтын" категориясынын АКЫСЫЗ номурлар жана "ХАЙП" тарифинин "М" топтомуна жарым жылдык жазылуу күтөт.
Тандалып алынган жумуштар компаниянын расмий сайтында https://www.megacom.kg/hype/kg.html#competition шилтемеси боюнча жайгаштырылган. Бардык каалоочулар Facebook жана Google сайттарындагы аккаунттардын жардамы менен жаккан видео үчүн добуш бере алат. 2018-жылдын 24-сентябрына чейин эң көп добушка ээ болгон катышуучу жеңүүчү болуп табылат.