Интернет айдыңында орустун белгилүү рэп ырчылары Тимати жана Егор Криддин дагестандык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен болгон кайым айтышуусу талкууга алынууда.
Тактап айтканда, 9-сентябрда Дагестанга концерт коюуну пландап жаткан Егор Криддин социалдык тармактагы баракчасына көптөгөн дагестандыктар "Эгер биздин өлкөгө концерт койсоң тирүү кетпейсиң" деген билдирүүлөрдү калтырып, коркутуп жатышкан. Анын себебин - ырчынын сөгүнгөн, уят сөздөр менен коштолгон чыгармалары өлкөнүн жаштарын жаман жакка үндөйт деп түшүндүрүшкөн. Орус басылмалары жазгандай, буга аталган өлкөдөн чыккан мушкер Хабиб Нурмагомедовдун рэп ырчыларын сындап, жаштарды алардын концерттерине барбоого үндөгөнү себеп болгон. Ар түрдүү коркутуулардын жыйынтыгында, Крид Дагестанда боло турган концертин токтотууга аргасыз болгон.
"Биз тарапка ар кандай коркутуулар айтылып жаткандыктан күйөрмандардын коопсуздугун ойлоп, концерт койбой эле коюуну чечтик", - деген ал.
Мындан улам Криддин жакын санаалашы Тимати кечээ, 10-сентябрда Инстаграм социалдык тармактагы жеке баракчасына видео жүктөп, анда Нурмагомедовго кайрылуу жасаган.
"Биздин ырларда сүйүү лирикасы бар, бирок ал нерсе экстремизмге үндөбөйт. Биз өзүбүздүн күйөрмандарыбызды сенин беттештериңе барбоого үндөбөйбүз. Андыктан сен да өзүңдүн күйөрмандарыңды биздин концертке барбоого үндөбө", - деген Тимати.
Көп өтпөй эле Нурмагомедов өзүнүн жеке баракчасына Тиматиге жооп жазган.
"Ар бир айбан өзүнүн сөзүнө жооп берет. Мен силер менен кайым айтышууга убактым жок. Эгер кимдир-бирөөгө менин үндөгөнүм жакпай жатса, ага жооп берүүнүн кажети жок. Мага эмне кылууну үйрөтүүчү адамдар силер эмессиңер. Өзүңөрдүн концертиңерди каалаган жагыңарга барып коё бергиле, бирок мен өзүмдүн айтканымдан кайтпайм", - деп жазган ал.
Ошондой эле Дагестандын эркектерине кайрылуу жасап, "өлкөнүн келечеги үчүн биз гана жооп беребиз" деген.
Учурда эки тараптын күйөрмандары эки жаатка бөлүнүп, айрымдары мушкерди колдосо, кээ бирөөлөр ырчылардын таламын талашууда.
Айта кетсек, Хабиб Нурмагомедов - эрежесиз уруш чебери, UFC уюмунун эң беделдүү мушкерлеринин бири. Ал эми Тимати менен Егор Крид - Орусиянын белгилүү рэп ырчылары.