Ошто 7 айлык ымыркайы менен 4 кабаттуу үйдөн секирген келинге кылмыш иши козголду

Ош шаарында колундагы 7 айлык баласы менен жатакананын төртүнчү кабатынан боюн таштаган келинге адам өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

"Колундагы 7 айлык баласы менен төрт кабаттуу жатаканадан боюн таштаган келинге 28-97-берене менен кылмыш иши козголду. Ал эми келиндин баласын социалдык коргоо органдары тарабынан өткөрүп алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат", - дейт маалымат катчы.

Эске салсак, 6-сентябрда саат 17:00 чамаларында Ош шаарындагы Черёмушки кичи районунда жайгашкан төрт кабаттуу жатаканада орун алган. Белгилүү болгондой, ал жолдошуна таарынып төркүнүндө жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан