Бишкекте 65 жаштагы аялды жүрөк тушка бычак менен сайып, 4 кабыргасын сындырып, моюнун кескилеп өлтүргөн адамга карата соттун чечими

Бишкек шаарында 65 жаштагы аялды мыкаачылык менен өлтүрүп, жансыз денени керебетинин астына катып койгон адамга карата Ленин райондук соту чечим чыгарды. Чечим Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, окуя ушул жылдын 27-февралынан 28-февралга караган түнү болгон. Кылмыш иштин бардык жагдайларынын жыйындысын изилдеп сот маркумдун коңшусу Н.Ашырбайды (С.Н.А. аты өзгөртүлдү) күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркиндигинен ажыраткан.

КЕРЕБЕТТИН АСТЫНАН МЫКААЧЫЛЫК МЕНЕН ӨЛТҮРҮЛГӨН АЯЛДЫН ДЕНЕСИ ТАБЫЛГАН

2018-жылдын 28-февралында Ы.Ширин (аты өзгөртүлдү) аттуу аялдын бычак менен жүрөк тушуна сайылып, жыгач союл менен баш сөөккө бир нече жолу сокку жеп, андан кийин бычак менен моюн тараптары кескиленип, мууздалып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денеси табылган. Анын 4 кабыргасы сынып кеткен. Соттук-медициналык экспертиза анын тирүү кезинде кордолуп, кыйналып өлтүрүлгөнүн аныктаган.

СОТТОЛУУЧУ Ы.ШИРИН АНДАН АРАК СУРАГАНЫН АЙТКАН

Соттук териштирүүдө Н.Ашырбай окуя болгон түнү Жыргал аттуу таанышы менен спирт ичимдигин ичкенин, кылмышка тиешеси жок экенин айткан. Ал дүкөндөн 1 бөтөлкө арак көтөрүп келе жатканда каза болгон Ы.Ширин "Эй, алдагыдан куюп бербейсинби?" дегенин айткан.

"Мен "үйгө жете элекмин, ачканга болбойт го" деп үйгө келип Жыргал экөөбүз ичип отурдук. Ошондо Ширин келип, бирок Жыргал макул болбогондуктан аны үйгө киргизген жокпуз. Кийин дагы бир бөтөлкө алып келип ичип жатканда Ширин кайра келди, биз дагы киргизген жокпуз. Андан кийин Жыргал үйүнө кетип, мен телевизор көрүп жатып уктап калыптырмын. Эртең менен милиция келип ойготту. Шириндин жансыз денеси кайдан ал бөлмөдө болуп калганын билбейм. Мен суу түтүк тазалайм деп 1 саат бөлмөдө жок болгом, ошондо Шириндин жансыз денесин бөлмөмө алып келип коюшса керек", - деп билдирген соттук териштирүүдө айыпталуучу.

КАЗА БОЛГОН АДАМДЫН КЫЗЫ ОКУЯ ТУУРАЛУУ

Каза болгон Ы.Шириндин кызы окуядан бир күн мурун апасына келип, азык-түлүк таштап кеткен. Эртеси чалууларына жооп ала албай, коңшуларынан жамандык тууралуу угуп, келип апасынын жансыз денесин көргөн. Дароо милицияга кабарлаган.

"Мен келгенде апам өтө мыкаачылык менен өлтүрүлүп, шымы жок жатыптыр. Аны кордоп өлтүргөндөн тышкары зордуктаган да болушу мүмкүн. Бирок тергөөчүлөр улам алмашып жатып, "зордуктоо жок" деп чыгарышты. Мурда апамдын буту сынган болчу, кээде муундары катуу ооруганда ага шарап алып берип турчумун. Апамды өлтүргөндө шейшептер кан болгон экен, кийин аны иттер сүйрөп жүргөнүн коңшулар айтышты", - деген ал.

СОТ Н.АШЫРБАЙды 15 ЖЫЛГА ЭРКИНДИГИНЕН АЖЫРАТТЫ

Сот Н.Ашырбайга жаза чектөөдө анын жоопкерчилигин жеңилдетүүчү жагдай катары улгайган курагын, мурда соттолбогондугун, жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү доосу жок экенин билдирип, тосмо арыз бергендигин эске алган. Ал эми оордотуучу жагдай катары мас абалында кылмышка баруусун, кылмыш аркылуу оор кесепеттерге алып келгендигин, карыган адамга же алсыз абалдагы адамга карата кылмыш жасагандыгын эске алып, ага карата эркиндигинен ажыратуу менен байланышкан жаза белгилеген.

Жыйынтыгында 15 жылга эркиндигинен ажыратып, жазасын күчөтүлгөн тартипте түзөтүү абагында өтөөсүн чечкен. Соттолуучунун туура эмес көрсөтмө бергендиги жоопкерчиликтен качуу аракети катары сыпатталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazi25
2018-09-11 17:46:52
Темасы эле жүрөктүн үшүн алат го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан