Beeline "Дүйнөлүк тазалык күнүнө" карата өлкө боюнча өтүүчү акцияны колдойт

15-сентябрда Кыргыз мамлекети боюнча өлкөнү коомдук пайдалануудагы жерлерди, жаратылыш парктарын, көлмөлөрдү, токойлорду жана башка табигый таштандылардан тазалоо боюнча акция өткөрүлөт. Бардык облустарда миңдеген жарандар ишембиликке чыгышат жана айлана-чөйрөнү сактоого өз салымын кошушат.

Акциянын өнөктөшү болгон Beeline компаниясы да иш-чараны кызуу колдоого алды.

Ал эми Beeline компаниясынын башкы директору Ернар Накисбеков өлкө боюнча өтө турган акцияны колдоп, жарандарды активдүү болууга чакырды.

"Айлана-чөйрөнүн булганышы жыл сайын миллиондогон адамдардын өмүрүн алууда. Бул бир гана бизге тиешелүү эмес, жаныбызда жашаган жандыктар, үй же жапайы жаныбарлар, канаттуулар, океандагы балыктарга да тийиштүү. Алардын жашоосу бизден көз каранды эмеспи. Бизди кычкылтек менен камсыз кылып турган бак-дарактар тууралуу да көп ойлоно бербейбиз. Бирок убакыт келди. Бул жөнүндө күн сайын ойлоп турушубуз зарыл.

15-сентябрда биз баарыбыз биргеликте өлкөбүздү таштандыдан тазалайбыз. Короолор, көчөлөр, сейил бактар, жалпылап айтканда, бардык коомдук жайлар тазаланат. Кыргыз мамлекети буга чейин 150дөн ашык өлкө катышып келе жаткан Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата акцияга кошулуп жатат. Мында сиздердин жардамыңыздар керек. Биздин катарга кошулуп, досторуңуздарды, тааныштарыңыздарды чакырыңыздар.

Келиңиздер бирге дүйнөнү тазалайбыз. Бул иштерибиз адатка айланышына аракет кылалы. Жоопкерчиликти алуу - бул биздин планетаны коргоо жана сактоо. Жоопкерчиликти алуу - бул жашаган жериңди сүйүү", - деди Beeline компаниясынын башкы директору Ернар Накисбеков.

Айта кетсек, акция Дүйнөлүк тазалык күнүнө карата өткөрүлүүдө, ага “Дүйнөнү тазарталы!” урааны менен дүйнөнүн 150 өлкөсү кошулду.


кошулду
БИЛАЙН - Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү менен бирге!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан