Ким Кардашьяндын жолдошу, белгилүү америкалык рэпер Канье Уэст эми университетте сабак берет. Бул тууралуу социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.
Маалым болгондой, рэп аткаруучу Чикаго искусство институтунда жана Америка искусство академиясында сабак бере баштайт. Кызыгы, Уэст өзү ырчылык карьерасы үчүн жогорку окуу жайды таштап, билим алган эмес. Бирок 2015-жылы ага Чикаго искусство институту тарабынан искусство таануу боюнча доктор даражасы ыйгарылган.
Учурда рэпердин бул жаңылыгы кызуу талкууга алынып, аны колдогондордон да шылдыңга алгандардын саны басымдуулук кылууда. "Канье Уэст мугалим болобу? Андан эмнени үйрөнсө болот?" деп жазышкан көпчүлүк интернет колдонуучулар. Ал гана эмес, анын кандай мугалим боло турганын сүрөттөгөн мемдер да пайда болгон.