Кара-Кулжа районундагы эки жайлоодон өрт чыкты

Кара-Кулжа районунун 1-Май айылына караштуу Ак-Таш жана Жүлгүр жайлоолорунда өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, аталган жайлоолордон өрт чыкканы 10-сентябрь күнү саат 16:15те маалым болгон. Анда алгач куураган чөп өрттөнүп кеткен.

Өрттү өчүрүү үчүн ӨКМнын Кара-Кулжа райондук №66-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 11-сентябрь күнү саат 07:30да 20 куткаруучу жөнөп кеткен. Кошумча маалымат берилет.

Буга чейин Талас облусунун Манас районундагы Алмалуу-Тоо жайлоосунан өрт чыгып, бир нече күндөн кийин өчкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bazar
2018-09-11 18:45:55
Өрт жөндөн жөн эле чыкпайт да.ХХХХХХХ бирө ширенке жагып жиберди да мал издеп жүрүп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан