ЖЫЛНААМА, 12-СЕНТЯБРЬ: Күтүүсүз жана табышмактуу өлүм. "Форсаж" тасмасы аркылуу атактуулукка жеткен америкалык актёр Пол Уокер көзү тирүү болгондо 45 жашка чыкмак

Бүгүн актёр Пол Уокер же болбосо "Форсаж" тасмасындагы Брайан О`Коннер көзү тирүү болгондо 45 жашка чыкмак. Бул актёрду кино сүйүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү тааный турганы талашсыз. Актёр жана моделдик кесипти аркалаган мырза 1973-жылы 12-сентябрда төрөлгөн.

Карьерасы

Карьерасы 2 жашында жалаяктарды жарнамалоодон башталган. Ал эми 13 жашында "Шкафтагы албарсты" тасмасына тартылып, андан соң дагы бир нече фильмдерге тартылуу сунушун алган.

2001-жылдан тарта экинчи пландагы ролдордон башкы каармандын образын жаратууга өтүп, өзүнүн алгачкы башкы ролун "Форсаж" тасмасында белгилүү актёр Вин Дизель менен бирге аткарган. Фильм ага болуп көрбөгөндөй атактуулукту алып келип, АКШга эле эмес, бир нече мамлекетке таанылат.

Аталган фильмден соң ар кайсы жанрдагы тасмалардан өзүн сынап көрөт. Алардын ичинен Пенелопа Круз менен бирге аткарган "Ноэль" киносундагы кызганчаак полиция кызматкеринин ролу көпчүлүктүн эсинде калган.
Пенелопа Круз менен

2006-жылы режиссёр Фрэнк Маршаллдын "Белый плен" тасмасында эрктүү жана берилгендикти, достук менен ишенимдүүлүктү өз ролунда көрсөтө алган.

2013-жылы франциялык режиссёр Камиль Деламаррдын "13-й район: Кирпичные особняки" тасмасында Дэмиэндин ролун мыкты ачып берген. Аталган тасма 2014-жылы көрөрмандарына сунушталган.

"Форсаж" тасмасынын 1-2-3-4-5-6-бөлүгүнө тартылып, популярдуулуктун туу чокусуна жеткен.

Күтүүсүз жана табышмактуу өлүм

Тилекке каршы, "Форсаж" фильминин 7-бөлүгүнүн тартуу иштери аягына чыга электе автокырсыкка кабылып, каза болгон. Тактап айтканда, 2013-жылы 30-ноябрь күнү Пол Уокер досу Рожер Родас менен бирге кайрымдуулук фондунун иш-чарасына катышып, андан соң досуна таандык кызыл түстөгү "Porsche Garrera GT" үлгүсүндөгү автоунаа менен кетишкен.

Катуу ылдамдык менен келе жатышкандыктан жолдон айдоочу рулду башкара албай, электр мамысын жана анын жанындагы бак-дарактарды сүзгөн. Унаа дароо өрттөнүп кеткендиктен экөө тең ошол жерден жан беришкен.

Пол Уокер досу Рожер Родас менен

Актёрдун сөөгү Калифорнияда 14-декабрь күнү жерге берилген. Анын өлүмү тууралуу маалымат тараганда интернетте ар түрдүү айың-кептер айтылган. Алардын ичинен актёрго окшош балдардын сүрөтү жарыяланып, анын тирүү экенин, болгону мындан ары эл алдына чыгууну каалабасын жазып чыккандар болгон.

Бирок ал иштеген моделдик агенттиктен анын интернетте пайда болгон бир нече жаңы сүрөттөрү кырсык болгонго чейин тартылганын ачыкташкан. Анткен менен күйгөн унаанын номери кырсык болгонго чейинки сүрөттөгүгө дал келген эмес. Ошондой эле Пол Уокердин көзү ачык көк түстө болгон болсо, кырсыктан кийинки экспертизанын жыйынтыгында кара көздүү болгону талаш жаратып келет.

Жеке жашоосу

Пол Уокер официалдуу түрдө үйлөнгөн эмес, бирок бир нече сулуу менен сүйүү мамилесинде болгон.

Ребекка Сотерос менен

Анын бир кездеги сүйүктүүсү Ребекка Сотерос 1998-жылы Мэдоу Рэйн аттуу кыз төрөп берген. Кызы 13 жашына чейин апасы менен жашап, 2011-жылы атасынын үйүнө көчүп келген.

Актёр каза болгон соң 25 миллион долларлык мурасы кызына калган. Ал эми "Форсаж" тасмасында чогуу роль жараткан Вин Дизель жаңы төрөлгөн кызынын атын актёрдун урматына Полин деп атаган.

Вин Дизель кызы Полин менен

Актёр чыгармачылыктан сырткары сёрфинг жана спорттун жиу-житсу түрү менен машыккан.

Ошондой эле автоунаалар менен жарышууну жактыргандыктан, командасы менен биргеликте унаа жарышына калбай катышып турган. Мындан улам айрымдар "анын өлүмүнө унаа себептүү болоруна шек жок эле" деп айтып чыгышкан.

Пол Уокер "Форсаж" тасмасынын кийинки бөлүктөрүндө кайтып келиши мүмкүн. Буга чейин актёрдун бир туугандары Калеб жана Коди 7-бөлүгүндө тартылышкан жана кийинки бөлүктөрүндө да О`Коннердин образын жаратышы мүмкүн.

Актёр тууралуу кызыктар

Пол Уокер деңиз жаныбарларына жана өсүмдүктөрүн изилдөөгө кызыккан. 2006-жылы Жоголуп бараткан деңиз балыгын коргоо фондунун жетекчилер кеңешине мүчө катары кирген. Мексика жээктеринде жүргүзүлгөн экспедицияларга катышып, чоң ак акулаларды изилдеп, "National Geographic" каналы үчүн деңиз жаныбарларынын ДНКларын топтоого көмөктөшкөн.

2010-жылы Пол Уокер жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткандарга жардам берүү максатында "Reach Out Worldwide" аталышындагы кайрымдуулук фондун негиздеген. Полдун командасы бүгүнкү күнгө чейин фонддун ишин улантып кыйроолордон жабыркаган адамдарды куткарууга жана алардын ден соолугун чыңдоого жылына миллиондогон каражат бөлүп келишет.

2015-жылы 17-мартта америкалык хип-хоп ырчы Уиз Халифа ырчы Чарли Пут менен чогуу Голливуд жылдызы Пол Уокерге "Сени кайрадан көрөм" ("See You Again") ырын арнаган жана "Форсаж 7" тасмасына саундтрек тарттырган.

Уиз Халифа - "See You Again"

Ал эми 2018-жылы америкалык режиссёр Адриан Байтенхайстын актёрдун жаркын элесине арнап "I Am Paul Walker" ("Я - Пол Уокер") аталышындагы документалдуу тасмасы жарык көрдү.

Анда эжесинин айтуусу менен актёрдун жашоосу наристе кезинен тарта тасмада чагылдырылган.

12-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dastan_nookat
2018-09-12 20:08:53
Я Пол Уокер Документальный фильм сайта бар эле мен жуктогом толук барыныздарга Ошол документальный фильмди коруну сунуштаймын
+1
Samar90
2018-09-12 20:36:59
Жаш кетиптирда жакшы аткарат еле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан