Орусиялык куудул Евгений Петросяндын атын атагысы келбеген сүйүктүүсү андан балалуу болгонун айтты

Орусиялык куудулдар Евгений Петросян менен Елена Степаненко ажырашкандан кийин коомдо түрдүү кептер айтылууда. Бул ирет атын атагысы келбеген, өзүн актриса деп тааныштырган айым Евгений Петросяндан балалуу болгонун, анын бир кездеги сүйүктүүсү экенин айтып, жактоочуга кайрылган.

Орус маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, Евгений Петросяндын жактоочусу Сергей Жорин жогорудагы маалымат боюнча билдирүү жасаган. Анда "Бул чындыкка дал келбеген сандырак сөз. Эч кандай далили жок айтылган кеп. Мындай билдирүүлөргө жооп берүүнүн өзү күлкүлүү" деген.

Ошондой эле жактоочу мындай кептерди куудулдун мурунку жубайы Елена Степаненконун тарапташтары гана таратышы мүмкүн экенин кошумчалаган.

Буга чейин, Евгений Петросяндын сүйүктүүсү бар экени айтылган. Ал куудулдун 29 жаштагы жардамчысы Татьяна Брухунова экени белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
DNurgiza
2018-09-12 16:49:45
МИф ко))
0
Asia3030
2018-09-12 19:32:44
Супер инфо ушакчы десе ишенбейт болчумун) чын эле ушакчы экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан