SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордун ырчы Ильяз Абдыразаковдун "Ай, жеңеке" чыгармасы толуктады.
"Чыгарманын сөзү Айсалкын Алибаевага, обону өзүмө таандык. Бул ыр шаңдуу, жаңы келген келиндер тууралуу болгондуктан көпчүлүк учурда тойлордро ырдалат. Ал эми клип Бишкек шаарында эле тартылган. Ага өз ишин жакшы билген тажрыйбасы бар актёр, актрисалар тартылгандыктан, клипти бир күндө эле тартып койгонбуз. Клиптин идеясы клипмейкер Эрнист Сыдыковго таандык", - дейт ырчы.
5-СЕНТЯБРДАН 12-СЕНТЯБРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
10-орун - Нияз Абдыразаковдун "Келинчек" аталышындагы чыгармасы эң аз добушка ээ болгондуктан сынактан четтетилди.
9-орун - Съездбек Искеналиевдин "Кызгалдак" клиби эки баскычка төмөндөгөн.
8-орунду - Жоодарбешимдин "Унутам" видеокомпозициясы ээлеген.
7-орунда - Расул Маматкуловдун "Көрүшкөнчө" чыгармасы жайгашкан.
6-орун - 60`К тобу, Айя Садырованын аткаруусундагы "Келчи гүлүм" чыгармасына буюрган.
5-орунда - Айдана Деканын "Жигитке" видеокомпозициясы жайгашкан.
4-орунда - Айдин Шердин "Толкундайм" клиби жайгашкан.
3-орунда - Кайрат Примбердиев менен Бегиштин аткаруусундагы "Барам кечинде" чыгармасы орун алган.
2-орунду - Мээрим Карыпова менен Таалай Иманкуловдун "Айтсаң боло" чыгармасы камсыздаган.
1-орун - Мурунку аптада жаңыдан тизмеге кошулган Жийдеш Идирисованын "Наринай" клиби эң көп добушка ээ болуп, бул аптанын жеңүүчүсү аталды.
Сүйүктүү видеокомпозицияңызга добуш берүү үчүн шилтеме.