Нарын облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Нарын облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда ӨКМнын маалымат кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 11-сентябрь күнү саат 13:18 чамасында Нарын облусунун аймагында очогундагы күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө Нарын районунун Арчалы жана Узун-Булак айылдарында 3 баллга, Эки-Нарын жана Таш-Башат айылдарында 2,5 баллга сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан