Ат-Башыда катталган катуу шамал эки айылдагы турак жайлардын чатырын учуруп кетти

Ат-Башы районунда катталган катуу шамал эки айылдагы турак жайлардын чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"10-сентябрь күнү саат 17:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 13-15 метрге жеткен шамал катталды. Катуу шамалдын кесепетинен Ак-Муз жана Талды-Суу айылдарында жайгашкан 6 турак жайдын жана 2 чарба курулуштардын 26 даана шиферин жана 85 чарчы метр тунукесин учурган. Жеринде райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан