Америкалык актриса Деми Ловато дарыланууга акча керек болгондуктан үйүн сатууга аргасыз

Америкалык актриса жана ырчы Деми Ловато дарыланууга акча керек болгондуктан Лос-Анжелестеги хан сарайын сатууга аргасыз. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, актриса ушул жылдын 24-июлунда баңгизатты ашыкча колдонуп алганы үчүн ооруканага жаткырылган. Ал жакта 4-августка чейин дарыланып, андан соң калыбына келтирүү клиникасына которулган. Учурда дарыланууну улантып жаткан актрисанын үйүн сатуу чечимине келгенинин биринчи себеби дарыланууга каражат керек болгондугу болсо, экинчиден мындан ары жаңы жашоо баштагысы келгендиги түрткү болгон.

"Мен өткөндү эстегим келбейт. Эми жашоомду жаңы барактан баштайм", - деген ал.

Белгилей кетсек, Ловатонун хан сарайы 9,495 миллион долларга бааланган. Үйдүн аянты 510 чарчы метрден ашык. Анда 4 уктоочу, 6 жуунуучу бөлмө, үй кинотеатры, бар жана бассейн орун алган. Ал бул үйдү өткөн жылы 8,3 миллион долларга сатып алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
vikidiki
2018-09-12 12:40:22
4уктоочу болмого 6жуунучу болмо ашыкча эмеспи?
0
Nevestkaa
2018-09-12 20:59:22
Ушулардын үйүн жаман реклама кылдыңар да как будто бизден бирөө жарым сатып ала тургансып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан