13-сентябрдан 16-сентябрга чейин Бишкекте түрк тилдүү өлкөлөрдүн тасмалары акысыз көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, түрк тилдүү өлкөлөрдүн кино күндөрү Бишкек шаарынын "Манас" кинотеатрынын чоң залында белгиленет. Көрсөтүүлөрдүн программасына ылайык, көрүүчүлөргө Азербайжан Республикасынан "Кызыл бакча", Казахстан Республикасынан "Оралман", Кыргыз Республикасынан "Түнкү кырсык", Түркия Республикасынан "Буудай" жана "Айла" көркөм тасмалары тартууланат.