Бишкекте 17 жаштагы Кенжегүл Нарынбек кызы изделүүдө. Ал 31-августта "концерт көрөм" деп кеткен бойдон дайынсыз болууда

Бишкекте концертке кетип, 13 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы Кенжегүл Нарынбек кызы изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда SUPER.KG'ге анын бир тууган эжеси Алина Карымшакова билдирди.

Маалыматка ылайык, дайынсыз болуп жаткан кыз 31-август күнү саат 21:30 чамасында "Ала-Тоо" аянтында өтүп жаткан концертти көрүү үчүн кеткен бойдон кайтып келген эмес. Саат 22:50 чамасында кыздын апасы телефон чалып, маршруттук таксилер токтоп каларын эскертип, эртерээк үйгө келүүсүн айткан.

"Апам акыркы жолу сиңдим менен сүйлөшкөндө ал соода борборлорунун биринде Сезим, Ясина аттуу эки курбусу менен жүргөнүн айткан экен. Ошол бойдон телефону өчтү, байланышка чыккан жок. 3-сентябрда саат 12:03тө WhatsApp'ка кирип жазгандарыбызды окуп, кайра чыгып кетти. Ошол күндөн бери телефону өчүк, WhatsApp'ка да кирбей калды. Милицияга арыз жазып кайрылганбыз, алар сиңдим көтөргөн номер Эне-Сай жаңы конушунун аймагынан чыгып жатат деп билдиришти. Ал жакка барып элден сураштырып, өзүбүз издедик, бирок андан майнап чыккан жок. Сиңдимдин атына катталган номерди караттырып, акыркы чалынган номерлерге байланышка чыктык. Ал эки номер Баткенде жашаган эки аялга таандык экен. Азыр ар кандай ойлор келип жатат, негизгиси сиңдим аман-эсен табылып калса экен деп отурабыз", - дейт А.Карымшакова.

Белгилүү болгондой, Кенжегүл Нарынбек кызы Кант шаарындагы мектептердин биринин 10-классынын окуучусу. Каникулда ал "Дордой" базарында суусундук сатып иштеген.

Сүрөттөгү кызды көргөн-билгендер болсо, 0 (550) 10-25-73, 0 (700) 63-29-99, 0 (708) 53-11-86 же 102 телефон номурларына чалып, кабарлап коюуну Нарынбек кызынын жакындары өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
monster_high_98
2018-09-12 15:23:13
Табылып эле калса экен,кочого чыккандан коркосун киши,,,жанына байкесин шерик кылып жиберсе болмок экен,баарибир Кыз киши
+3
asdef
2018-09-12 15:27:46
Ойноп ойноп келет да
-4
DNurgiza
2018-09-12 16:12:45
АМан эсен болсо экен
+5
amirrus
2018-09-13 10:26:54
туугандары озу эле оперлердин ишин кылып жатышыптыр да менттер жардам бербей жаткан го...Аман эсен эле болсунчу кайда болсо да
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан