Ырчы Нуркыз Кожонова Түркияда эс алып, аны менен катар 2 ырына клип тарттырды

Кыргыз эстрадасынан өз ордун тапкан ырчы Нуркыз Кожонова Түркияда эс алып, аны менен катар 2 ырына клип тарттырды. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына айтып берди.

Маалым болгондой, ырчы учурда аталган өлкөнүн Анталия шаарында эс алып жүрөт.

"Жеке жумуштарым менен жүрүп, жайында эс алууга жетишпей калдым. Жадакалса Ысык-Көлгө да бара алган жокмун. Мындан улам кеч болсо да чыгармачылыкка биротоло киришүү үчүн күч топтоп алайын деп Анталияда эс алуудамын. Бул жакка келгениме 1 жумадай болуп калды. Мындан 1,5 ай мурун Түркиянын Мерсин шаарына келип, 2 жаңы чыгармама клип тарттыргам. Эми Бишкекке барган соң теле-радиолорго берип, баш-отум менен чыгармачылыкка киришем", - дейт ырчы.

Ошондой эле ырчынын Түркияга байма-бай каттап калганына кызыгып, суроо салып төмөнкүдөй жооп алдык.

"Бул жакка бат-баттан каттап калганымдын себеби бар. Ал тууралуу жакынкы күндөрү маалымат берем", - дейт ырчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jasa
2018-09-13 17:14:02
Бул кайсы ырчы,же мен замандан артта калдымбы? Эмнеси болсо да биринчи жуктолгон сурот не то ХХХХХХХХ а тиги тигровый атам заманда деле кийилчу,жанылык эмес,бир коргондо ,,вааау,,сонун экен дейтурган койноктор азыр крдан чыгып атат...
+3
Alinur96kg
2018-09-13 22:26:09
Момпошка го.
0
admin_superstan
2018-09-14 11:52:56
AKCAHAT, Jasa,
Порталдын эрежелерин сактагыла! Кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан