Кара-Сууда кылмыштуу топтун мүчөсүнүн үйүнөн мыйзамсыз сакталган курал-жарактар, ок-дарылар табылды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун аймагынан мыйзамсыз сакталган курал-жарактар менен ок-дарылар алынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош ШИИБинин экстремизм, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан, уурдалган жана тартып алынган ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактаган жарандарды аныктоо иш-чаралары уюштурулду. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынан мыйзамсыз сакталган курал-жарактар жана ок-дарылар алынды.

"Иликтөө иштеринин алкагында Савай айылынын 32 жаштагы М.Р. аттуу жарандын үйү тинтүүгө алынган. Натыйжада аталган жарандын короосунан жыгач ящикке салынып, жерге көмүлгөн АК-74 үлгүсүндөгү Калашников автоматы, 2 даана ок салуучу куту, КО-8,2 үлгүсүндөгү сайлуу карабин-мылтык, 29 даана 7,62 мм үлгүсүндѳгү Калашников автоматынын ок-дарылары, ок-дарыларды салуучу цинк ящигиндеги 7,62 мм калибриндеги 360 даана ок-дарылары, Blow үлгүсүндѳгү үн чыгаруучу тапанча, дүрбү, курал-жарактын үнүн басаңдатуучу кошумча тетик табылган. Иликтѳѳ иштеринин жүрүшүндѳ мыйзамсыз курал-жарактарды, ок-дарыларды сактоого шектелип кармалган М.Р. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчѳсү экендиги аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча Ош ШИИБинин тергѳѳ кызматы кылмыш ишин козгоп, алынган курал-жарактарга тиешелүү экспертизалар дайындалды. Алардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилет. Кылмыш ишинин алкагында үй ээси убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан