National Geographic`тин канадалык сүрөтчүсү Крис Рейнир Ысык-Көлдүн Тоң районунда Кыргыз улуттук кийимдерди тасмага жана сүрөткө тартып жаткан учуру. Бул тууралуу "Кийиз дүйнө" коомдук фондунан билдиришти.
Маалыматка караганда, канадалык сүрөтчү Кыргыз жергесине алгачкы жолу келип жатат.
"20 жылдан бери ар кайсы улуттардын улуттук кийимдерин сүрөткө жана видеого тартып келем. Кыргыз жерине келүү көптөн бери ойлонуп жүргөн максатым эле. Анткени ар кандай маалымат каражаттарынан кыргыз эли ата-бабалардан калган улуттук кийимдерин сактап, азыркыга чейин колдонгон элдердин бири экенин билчүмүн. Улуттук кийимдердин ушундай жакшы жана кеңири сакталып калгандыгы мени таң калтырды", - деп билдирген Рейнир.
Ошондой эле сүрөтчү кыргыз эли жана анын улуттук кийимдери тууралуу маалыматтын дүйнө жүзүнө таралышына болгон күч аракетин жумшай тургандыгын кошумчалаган.
Крис Рейнер - "National Geographic Traveler" журналынын редактору. Аталган журнал элдин маданиятын, жашоо образын, каада-салтын, үрп-адатын кеңири чагылдырып берет. Рейнер - көптөгөн эл аралык сыйлыктардын жеңүүчүсү.