Бүгүн, 12-сентябрда Тамашоудогу "Универсал" командасынын оюнчусу Садык Нышанбай уулу бойдокчулук менен коштошту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган команданын капитаны Калыбек Турдубаев билдирди.
"Садыктын үйлөнүү тою Ош шаарында өтүп жатат. Учурда эки жаштын достору, жакындары болуп эс алуучу жерлерде сейилдеп жүрөбүз. Кечинде тойканалардын биринде ата-эне, тууган-уруктарынан бата алышат. Аяшыбыздын аты - Апал, 2000-жылы туулган. Ал дагы Оштон болот. Садык экөө 3 жылдан бери сүйлөшүп жүрүшкөн, үлпөт той бүгүнкү күнгө буюруптур", - деди ал.
Айта кетсек, Садык Нышанбай уулу 2 жолу Тамашоудон "Мыкты оюнчу" наамын жеңип алган.