"Жебе" тобунун солисти Минур үйлөнүү тоюн өткөрдү (фото)

12-сентябрда "Жебе" тобунун солисти Минур Алтынбек уулу бойдокчулук менен коштошуп, үйлөнүү-үлпөт тоюн өткөрдү. Минур менен келинчеги Жазгүл алгач 2 жылдай дос болуп жүрүп, кийинчерээк достугу сүйүүгө айланган.

Той башталганда эки жашты Кенже Дүйшеева меймандардын алдына жетелеп кирди. Анткени ал өкүл апа, жолдошу өкүл атанын милдетин алышкан. Бешинчи өкүл балам деп сүйүнгөн ырчы Кенже Дүйшеева "Минур менден апкаарып, сүрдөгөн окшойт, өкүл апа болуп бериңиз, көптөн бери айта албай жүргөм деп жазып коюптур. Аябай күлдүм, сүйүндүм" деп билдирди.

Тойдун биринчи бөлүгүндө жалаң гана каалоо-тилектер айтылса, экинчи бөлүгү оюн-зоок, ыр бий менен коштолду. Эки жашка бакыт тилеп жакындары, достору, ырчылардан Гүлнара Кахарова, Роза Шакирова, Азиза, Курал Чокоев баштаган шоу-бизнес өкүлдөрү келишти.
"Жебе" тобунан Самат Жетигенов жана Кумар Сагын уулу уюштуруу иштерин моюнуна алып, чуркап жүрүштү. Ал эми төртүнчү солисти Медер Сагын уулу чет өлкөдө болгондуктан тойго келе албай калган.

Албетте, топтун башка мүчөлөрүнүн кубанычында чек жок. Муну алардын толкундануусунан улам сезсе болот. Кумар сөз арасында "Байкем Медер үйлөнүп мага жол ачып берсе, мен деле үйлөнүүгө даярмын" деген оюн билдирди. Ал эми Самат Жетигенов "Акчам калбай калган күндөрү Минур жолго 10 сомдон берип турчу" деп толкунданганынан көзүнө жаш алды. Анын жанында турган жубайынын да кубанычтан көзүнө жаш тегеренди. Той абдан эмоцияларга бай өттү. Салтка айланган эки жаштын тоюнда булуттардын арасын элестеткен атмосферада ак бийге түшүүсү, чоң тортту кесүү жана башка шоу орун алды.

“Жебе” тобунун солисти Минур үйлөндү. Кенже Дүйшеева: "Менден уялган окшойт, смс жазыптыр"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Nurzada_0111
2018-09-13 00:42:04
Бактылуу болгула! Кармашкан колунар узулбосун
+3
Mara8492
2018-09-13 00:47:49
Видеосу жокпу супер?
+1
admin_superstan
2018-09-13 09:47:16
Mara8492,
Саламатсызбы? Видеоматериалды бүгүн порталдын SUPER TV https://www.super.kg/supertv/ бөлүмүнөн көрө аласыз.
0
Fortuna1987
2018-09-13 02:56:45
Казак жезденин бою абдан узуун экен пай-пай коз тийбесин.
+19
engel
2018-09-13 07:34:10
Fortuna1987, анын устуно биздин Кенже эжекебиздин бою да кичииинекей экен коруп алып тан калгам ТВдан чон корунот
+9
Nevestkaa
2018-09-13 10:49:44
Аппппоооу жездебиздин бою мощный го(((((Эки жаш бактылуу болсун.
-1
Abdizhapar
2018-09-13 13:21:30
Озунчо эле ырчы бир да чыгарган ыры жок
-5
fanatka19
2018-09-13 23:21:54
Кенже эжебиз озунун баласын уйлоп аткансып тойго озунун досторун чакырып алганы кызык. Окул апа болгон учурда деле ал тойго конок да ырчылар барып Кенжени катыра мактап кошумча беришии го))6
-1
barakcha
2018-09-14 09:31:13
Кенже эженин кызы сооонун да.Коз тийбесин помпося.А эки жашка бакыт каалайм!
0
raykray
2018-09-14 12:21:45
Бакыткаалайм
+1
AKCAHAT
2018-09-14 13:12:52
Жездеге соз жок. Мощный! Эн эле козго урумдуу экен
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан