Чүйдө батиринин эшиги жабылып, сыртка чыга албай калган 85 жаштагы кемпир оор абалда ооруканага жеткирилди

Чүй облусунда батиринин эшиги жабылып, сыртка чыга албай калган 85 жаштагы кемпир оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Токмок шаарында кечээ, 12-сентябрда саат 20:15 чамасында ӨКМнын 21-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучуларына чакыруу түшкөн. Гагарин көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринин эшиги ачылбай калып, анын тургуну сыртка чыга албай калган. Куткаруучулар эшикти ачып, батирдин ичинде ден соолугу начарлап, оор абалда жаткан 85 жаштагы аялды "Тез жардам" кызматынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kechirmeni
2018-09-13 15:33:55
Байкуш энебиздин балдары бар бекен
+1
Gulzar1791
2018-09-13 15:54:55
Ииий жакшы болуп сакайып кетсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан