Аламүдүн районунда катталган өрт кырсыгында 3 жаран денесинен күйүк алган. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ленин айылындагы Коммунарская көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыгып, турак жайдын жана сарайдын 136 чарчы метр жыгач устундуу чатыры күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен 1979-жылы туулган А.Д., 1980-жылы туулган Е.Д. жана 1940-жылы туулган В.Л. аттуу жарандар денесинен 5 пайыз күйүк алган. Жабырлануучулар "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери тарабынан аймактык ооруканага жеткирилген.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.