Каттоо кызматынын адиси чет өлкөдөн унаа ташып кирүүдө коррупциялык схемаларды уюштурган деген шек менен кармалды

Мамлекеттик каттоо кызматынын Аламүдүн райондук транспортту жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн Р.Р.И. аттуу башкы адиси кармалып, камакка алынды. Ал чет өлкөдөн унаа ташып кирүүдө коррупциялык схемаларды уюштурган деген шек менен кармалганын УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, сентябрь айынын башында Прибалтика, АКШ, Грузия өлкөлөрүнөн Кыргыз жерине Лексус жана Вольво үлгүсүндөгү унаалар ташылып келип, бирок бажы салыктары төлөнгөн эмес. Жыйынтыгында мамлекетке 3 миллион 204 миң сом зыян алып келген.

"Ал эми Р.Р.И. аттуу башкы адис кызыкдар болгон кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп, бажы биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн унааларды салык төлөбөй алып киргизүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурган. Р.Р.И. Кылмыш-жаза кодексинин 204-304-350-беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды", - деп кабарлашты УКМКдан.

Учурда ушундай эле фактылар боюнча аныктоо аракеттери улантылып, Мамлекеттик каттоо кызматынын тиешеси бар башка кызматкерлери боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканы кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан