Ысык-Ата районунун аскер комиссарынын орун басары пара менен кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 13-сентябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Каржы полициясы) коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалым болгондой, 10-сентябрда Каржы полициясына В.К. аттуу жаран Ысык-Ата райондук аскер комиссариатынын кызматчысы анын (ден соолугунун абалы боюнча кызмат өтөөгө жараксыз болгон) уулун аскер кызматына чакырам деп коркутуп, 25 миң сом талап кылгандыгы тууралуу арызы менен. Каржы полициясы чогултулган материалдардын негизинде Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыш ишин козгогон.
Козголгон кылмыш иштин алкагында Каржы полициясынын кызматкерлери 12-сентябрда Ысык-Ата райондук аскер комиссариатынын аскер комиссарынын Б.Д. аттуу орун басарын өзүнүн иш бөлмөсүндө пара алып жаткан жеринен кармашты. Азыркы убакта факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.