Бишкекте "жардыруу болот" деп жалган маалымат берген жаран мас абалындагы пенсионер экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
УКМКдан билдиришкендей, ушул жылдын март айында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз адам телефон чалып, Махатма Ганди жана Иваницин көчөлөрүнүн кесилишинде жардыруу болорун маалымдаган. Аталган дарекке тиешелүү мекеменин кызматкерлери барып, аймакты текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада эч кандай жарылуучу зат табылган эмес. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 72 жаштагы С.К. аттуу шаар тургуну мас абалында жалган маалымат билдиргени аныкталды.
Бул факт боюнча УКМК кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө амалдары улантылып жатат.