АКШнын Луизиана штатындагы Ама шаарынын Меган жана Эрик Бург аттуу тургундары өспүрүм кызга сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн экөө 100 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазды.
Маалыматка караганда, 28 жаштагы Эрик Бург менен 25 жаштагы жубайы Меган 13 жаштагы кызды аёосуз зордуктагандыктарын моюнуна алышкан. Жубайлардын жасаган кылмышы жүрөк үшүн алчудай болгондуктан прокурор көрсөтмөнү толук баяндоодон баш тарткан.
Белгилүү болгондой, өспүрүм кызга зордук иштери 2014-жылы жана 2017-жылы эки жолу жасалганы менен, соттолуучулар бул кылмыштардын бирин гана моюнуна алган. Соттун чечимине ылайык, Эрик Бург 60, Меган 40 жылдык жаза мөөнөтүн өтөйт.
Прокурор Жол Т.Чейссон алардын кылмышын моюнуна алгандыгына байланыштуу жеңилдетилген мөөнөт белгиленгенин угузду. Ошондой эле педофил жубайлар өмүр бою сексуалдык мүнөздөгү кылмыш жасагандардын тизмесине киргизилди.