13-сентябрда Бишкек шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева туулган күнүн белгиледи. Ырчыны куттуктап сахналаштары Гүлнара Кахарова, Съездбек Искеналиев, Нена, Замир Арыкбаев жана жакын санаалаштары, апасы, бир туугандары келишти. Кече башкалардан айырмаланып чакан чөйрөдө өттү.
49 жашка чыгып жаткан ырчы кубанычын биз менен бөлүштү.
"Жыл сайын туулган күнүмдө Бишкекте болбой калчумун. Быйыл бул күндү шаарда, апамдын, бир туугандарымдын жана сахналаш досторумдун курчоосунда өткөрөйүн деп чечтим. Туулган күнүмдү биринчилерден болуп менеджерим, андан соң кызым куттуктады. Учурда ноябрда боло турган "Сахнада жүргөнүмө 25 жыл" аттуу концертиме даярдык көрүп жатам. Буюрса, кийинки жылы юбилейимди чоң майрам кылып белгилейм", - дейт ырчы.
Кечеге келген коноктор туулган күн ээсин гүлгө ороп салышты. Өзгөчө белекти Асел Турдалиеванын студенти Назик Султаналиева берди. Ал ырчыга кийизден жасалган сумка, капчык, паспорт салуучу мукаба тартуулады.