Таш-Көмүр шаарында сууга түшүп кеткен 30 жаштагы жаран 1 айдан ашык убакыттан бери изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-август күнү Достук айыл аймагындагы Бачок тилкесинде Нарын дарыясына 1988-жылы туулган Б.З. аттуу жаран түшүп кеткен. Ошол күндөн бери издөө иштери жүргүзүлүүдө. Кечээ, 13-сентябрь күнү куткаруучулар тарабынан издөө иштери улантылып, саат 17:38де убактылуу токтотулган. Бүгүн издөө иштери кайрадан жанданат.