Бишкек-Торугарт унаа жолу убактылуу жабылат

Бишкек-Торугарт унаа жолу кечки саат 10:00гө чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

"Поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында бүгүн, 14-сентябрда Бишкек-Торугарт унаа жолунун 117-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт. Жардыруу унаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы тарабынан саат 8:00дөн тарта саат 22:00гө чейин унаа жолу толугу менен жабылат. Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз", - деп жазылат маалыматта.

Ысык-Көл тарапка баруучу унаалар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан