Орусиялык ырчы Жанна Фриске тууралуу тасма тартылат

Орусиялык ырчы Жанна Фриске тууралуу тасма тартылат. Бул боюнча ырчынын атасы Владимир Фриске орус маалымат каражаттарына билдирген.

Маалым болгондой, фильмдин сценарийи Геннадий Куркинге таандык. Ал Фрискени жаш кезинен бери тааныгандыктан, ырчы каза болгонго чейин эле ал тууралуу китеп жаза баштаган. Ырчы каза болгон соң китепти кино менен чогуу чыгарууну көздөгөн. Ал эми маркум ырчынын ролун анын сиңдиси Наталья Фриске аткарат.

"Ал дагы Жанна сыяктуу жакшы ырдап, бийлейт. Камерадан сүрдөбөйт" деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, Жанна Фриске 2015-жылы 16-июнга караган түнү көпкө созулган оорудан улам 40 жашында каза болгон. Ырчы бир жылдан ашык убакыттан бери мээдеги рак оорусу менен күрөшүп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан