Бишкектеги кафелердин биринде эркек кишиге карата ок чыгарган милиция кызматкери өз каалоосу менен жумуштан кетти

Бишкектеги кафелердин биринде эркек кишиге карата ок чыгарган милиция кызматкери өз каалоосу менен жумуштан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда SUPER.KG'ге күч түзүмдөрүндөгү ишенимдүү булактар билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя И.Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде 11-сентябрда түнкү саат 3:00 чамаларында орун алган. Анда Бишкек ШИИББинин оперкызматкери мас абалында кафеде эс алып отурган башка жаран менен урушуп, сыртка чыкканда милиция кызматкери табелдик куралы менен ок чыгарган. Бул факты боюнча кызматтык иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Учурда топтолгон материалдар Бишкектин Биринчи Май райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилген, анын жыйынтыгы менен милиция кызматкеринин аракетине карата юридикалык баа берилмекчи.

Белгилүү болгондой, бул окуядан кийин милиция кызматкери арыз жазып, жумушунан өз каалоосу менен кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tular
2018-09-14 22:03:13
Жоопко тартыш керек андай адамды. Менттер негизи наглый келишет, озунукун туура кылып толкайтеттида.
+1
Rifle_I
2018-09-15 00:19:29
Бизле млр$ уурдасаң дагы, адамга ок чыгарсаң дагы оңой кутуласың. Өзүң эле арызыңы жазып жумуштан кетсең, иш жабылат. Же жумуштан бошотуп койсо иш жабылат. Камап койсо, ооруп калсаң абактан чыгасың.
0
Jyrgal_msk
2018-09-15 00:27:22
Иштен кетти болду иш жабылдыбы?Менттер жоопко тартылбайт деген закон барбы же?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан