Америкалык ырчы Тейлор Свифт жашаган үйдүн сүрөттөрү интернетке жарыяланды

Америкалык ырчы Тейлор Свифт жашаган үйдүн сүрөттөрү интернетке жарыяланды. Буга ырчынын үйүн сатуу алдында турганы себеп болгон.

Маалым болгондой, Свифт Лос-Анжелесте жайгашкан үйүн ушул жылдын жаз айларында эле 3 миллион долларга сатыкка койгон. Бирок суроо-талаптын жоктугуна байланыштуу баасын 300 миң долларга арзандатып, үйдүн сүрөттөрүн интернет желесине жарыялаган.

Ырчы жашаган үйдүн жалпы аянты 2 миң 950 чарчы метрди түзөт. Анда 4 уктоочу жана 5 жуунуучу бөлмө жайгашып, конок тосуучу бөлмө менен чоң ашкана, вино сактоочу жай да орун алган. Үйдүн сыртында бассейн орун алып, бамбук дарактары өстүрүлгөн.

Чет элдик басылмалардын жазгандарына таянсак, ырчынын үй сатуусунун себеби бар.

"Свифт Лондондо жашаган сүйүктүүсү Жо Элвиндин үйүнө жакыныраак жайгашкан үй сатып алууну пландоодо", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Apyn8793
2018-09-14 14:09:59
Сонун уй экен ээ туугандар?
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан