Ырчы Айтурган Эрмекова "Темур" аталышындагы тасмага тартылды

"Кыз-Бурак" тобунун мурдагы солисти, учурда жеке ырчы катары чыгып жаткан Айтурган Эрмекова өзбек тасмасына тартылып, актрисалык тушоосун кести. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына маалымдады.

"Өзбекстандын "Темур" аталышындагы тасмасында башкы ролдордун бирин жараттым. Тасма тартылып, көрөрмандардын назарына коюлду. Буюрса, сентябрь айынын аягында аталган тасманын 2-сезону тартылат. Бул тасмада роль жаратып калышыма өзбекстандык актёр Мирза Азизов себепчи болгон. 1 жыл мурда биздин өлкөгө Өзбекстандан маданият өкүлдөрү келип, Кыргыз жергесинде 10 күндөн ашык жүрүп кетишкен. Кетип жатканда Мирза Азизов мага "Сенин талантың бар экен, тасмага тартылып көрбөйсүңбү? Жакында жаңы тасма тартабыз. Андагы башкы каармандын ролуна сен ылайыктуу экенсиң" деди. Мен мындай сунушту укканда макул болдум. 1 аптадан кийин Мирза Азизов байланышка чыгып, тасмага тартылууга чакырды", - дейт ырчы.

Ырчы Айтурган Эрмекова тартылган тасма мекени үчүн күйгөн жигиттин жашоосун чагылдырат. "Темур" тасмасына өзбекстандык Алихан Юсупов, орусиялык белгилүү актёр Игорь Жижикин, казакстандык Саят Исембаев тартылган. Аталган тасманын бет ачары Ташкент шаарында өткөн.

Айтурган Эрмекова "Кыз-Бурак" тобунда 2008 жана 2014-жылдары ырдаган. Кийинчерээк топтон кеткенден кийин жеке ырчы катары чыккан. Репетуарында "Апакем", "Махабатым", "Сен менен", "Сени таптым" жана башка чыгармалары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
AKCAHAT
2018-09-14 16:55:50
Бул кайсы ырчы?)))
+3
Shanson
2018-09-15 00:54:42
AKCAHAT, жерден таш алып ыргытсаң башына тийген ырчылардын бирөөсү болушу керек :)
+2
dastan_nookat
2018-09-14 17:21:03
Тимур тасмасынын саунтдрекги бар сайта
0
dastan_nookat
2018-09-14 17:33:22
Кинонун да 2 сезону болобу менимче сериал болсо айтса болот бирок тимур жөн эле тасмада 2 бөлүк десе туура болот
0
monster_high_98
2018-09-14 17:41:16
Ошееентип кол кармашып тушупсун,,,,,,,
0
Omush94
2018-09-14 19:53:07
monster_high_98, не кылышты ким билет де
0
Pandora
2018-09-15 01:06:07
Каап узун койнок кийип барганында сонун болмок да.
Ийгилик!!! Талыкпас изденуу жана оомат!!! Кыргызстандын жакшы жагын коргозгон кыздардан болуп журо бер,ошондо кандай кыздын образын жаратын?
+1
Kumarchik
2018-09-15 10:37:25
Уйгурча азизийор деген ыры бар башка ырын уккан эмес экем
0
tina.kg
2018-09-15 19:34:46
Бул бир тойдо Гулнара Кахарованын ырын фонограмма менен ырдап уят болгон кызго. Саны бар сапаты жок ырчылар толуп кетти
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан