Бишкек шаарындагы Чүй кең көчөсү менен Алматы көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Мадина" базарында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы билдирди.
Маалым болгондой, өрт болжол менен саат 22:50дө чыгып, бат эле жалындап кеткен. Окуя болгон жерге 6 өрт өчүрүүчү унаа, "Тез жардам" кызматы жана өрт өчүрүүгө тоскоолдук жараткан унааларды жылдырууга эвакуатор тартылган. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, өрт базардагы контейнерлердин биринен чыккан.